Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
01/07 17:49
 

Келерки жумада ЖОЖдордун келишимдик окуу баалары аныкталат

Келерки жумада ЖОЖдордун келишимдик окуу баалары аныкталат

Бишкек, 1-июль /Кабар/. Кийинки жумада жогорку окуу жайлардын контракттык келишим баалары аныкталат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин чечими менен ЖОЖдордо контракттык окуунун келишим баасы түзүлөт.

“Өкмөттүн токтому менен ЖОЖдордо контракттык баалардын өлчөмү бекитилет. Ал эми ар бир жогорку окуу жай өзүлөрүнүн талабына, шартына карап окутуунун келишим бааларын аныктайт. Бул Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин чечими. Алар муну бүгүнкү рынокто бааны ар ким өзү аныктап, ошого жараша иш жүргүзө ала тургандыгы менен түшүндүрүп жатышат”,-деп билдирди министр.

Мыкты окуган бирок, окууга каражаты жок абитуренттер эмне кыла алышат деген суроого министр ар бир ЖОЖдун өздөрүнүн бул жаатта ички эреже-талаптары бар экендигин жана бул маселе боюнча дагы жакында ректорлор менен сүйлөшүү жүрө тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу