01.07.2016, 17:01

2017-жылы 70 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт

Бишкек, 1-июль /Кабар/. 2017-жылы 70 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу Өкмөттөгү 2017-2018-2019-жылдарда коомдук-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоруна арналган жайынында экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, калыктын коопсуздугун жогорулатуу 8,8%га жетип, 308 миллион сомду түзөт.

«Орточо эмгек акы 15 миң сомду түзүп, ошондой эле пайыздык көрсөткүчү 1,4% га көбөйөт. Пенсия 5% га көбөйүп, 5 миң 350 сомду түзүп калат. Жашоо минимуму 5 миң 350 сомду түзөт”, - деди ал.