Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/07 14:25
 

"Газпром Кыргызстан" 1-апрелден баштап керектөөчүлөр үчүн көгүлтүр оттун тарифин кайра эсептеп чыкты

Бишкек, 1-июль /Кабар/. "Газпром Кыргызстан" ишканасы 2016-жылдын 1-апрелинен баштап керектөөчүлөрдүн бардык категорялары үчүн көгүлтүр оттун тарифин кайра эсептеп чыкты. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын экономика жана финансы боюнча директорунун орун басары Ольга Лаврова билдирди.

Маалыматка таянсак, "Газпром Кыргызстан" жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн баа боюнча кайра эсептөөнү жасады. Апрель айында көгүлтүр оттун 1 куб метр баасы карапайым калк үчүн 14,61 сомду түзсө, бюджеттик уюмдар жана ишканалар үчүн 17,41 сом болгон.

"Газпром" ишканасынын жаңы макулдашууларына ылайык, газды сатып алуу 15 долларга арзандаган. Ошого байланыштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жаңы тарифтер бекитилди. Аталган агенттиктин буйругу менен "Газпром Кыргызстан" ишканасы апрель айынан тарта тарифтерди санап чыкты", — деди ал.

Май жана июнь айларында баа 30 тыйынга арзандаса, июль айында болсо газдын 1 куб метри 14, 18 сом, бюджеттик уюмдар, компаниялар үчүн 17,41 сом болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу