Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
01/07 14:17
 

Олег Панкратов: «Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо белгиленген графикте жүрүп жатат»

Бишкек, 1-июль /Кабар/. Бишкек шаарынын ЖЭБинин модернизациялоо жакшы бир нукта, ал тургай белгиленген график менен жүрүп жатат. Бул тууралуу КР өкмөт башчысынын орун басары Олег Панкратов ЖЭБге болгон иш сапарында билдирди.

Анын айтымында, TBEA компаниясы Кыргызстанда өзүн жакшы реклама кылды, бүгүнкү күндө анын профессионалдуулугу тастыкталып отурат. «Жумуш пландалган мөөнөттө белгиленген график менен жүрүп жатат десек болот. Аткарылып жаткан иштин сапаты бардык эрежелерге жана нормаларга жооп берет. Биз долбоорду өз убагында тапшырылат деп үмүттөнөбүз. Ал эми кийинки жылы жылуулук берүү башталганда ЖЭБ жаңы кубаттуулук менен иштейт деген планыбыз бар”,-деди ал.

Эскерте кетсек, “Бишкек шаардык ЖЭБин модернизациялоо” долбоору боюнча иш 2014-жылы башталган, 2017-жылдын III чейрегинде аяктоо пландаштырылууда.

“Бишкек шаардык ЖЭБин модернизациялоо” долбоору үч этаптан турат:
- Биринчи этап – ЖЭБдин эскилиги жетип калган жабдууларды камсыз кылуу;
- Экинчи этап – ЖЭБдин калыбына келтирүүчү жабдууларын демонтаждоо;
- Үчүнчү этап – ЖЭБди модернизациялоо: курулуш жана жаңы жабдууларды орнотуу.

Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо иши кытайлык TBEA компаниясына жүктөлгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу