Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/06 10:42
 

“Түндүк электр” Чүй облусундагы катардагы жогорку вольттогу көмөкчордондун кубаттуулугун жогорулатты

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. “Түндүк электр” ААКнын жогорку чыңалуу кызматынын адистери Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы “С” көмөкчордонун аз кубаттагы (6 300 кВА) күч трансформаторун кубаттуулугу 10 000 киловольт–амперди түзгөн трансформаторго алмаштырууда. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку чыңалуу кызматынын жетектөөчү адиси Куван Тюлекеевдин айтымында, аз кубаттагы күч трансформатор 100% жүктөм менен иштеп келе жаткан, алдынкы жылдарда кубаттуулуктун жетишсиздиги өзгөчө байкалмак. “Жогорку вольттогу “С” көмөк чордонунан Кара-Балта шаарынын жогорку бөлүгү камсыздалат, анын ичинде шаардык бейтапкана, окуу жайлар, балдар мекемелери жана башка. Күчтүүрөк жабдууунун орнотулушу менен берилген электр энергиянын сапаты жакшырат, авариялык өчүрүүлөрдүн саны азаят”,- деди Жайыл райондук электр тармактарынын башкы инженери Маратбек Жунушалиев.

Күч трансформаторду коопсуз ташуу жана алмаштыруу үчүн акционердик коомдун атайын техникасы колдонулду: 40 тонналык кран, манипулятор, трал, май ташыгыч, КамАЗ.

МААЛЫМКАТ: 2016-жылдын соңуна чейин “Түндүк электр” ААК Чүй жана Талас облустарындагы көмөкчордондорунун 13 күч трансформаторлорун кубаттуурактарына алмаштырат, бул “Түндүк электр” көмөкчордондорунун кубаттуулугун 31 500 кВАга жогорулашына алып келет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу