Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/06 16:23
 

Президент: «Биздин шаар кайрадан Борбор Азияда эң жашыл жана жашоого жайлуу болуп калышы керек»

 Президент: «Биздин шаар кайрадан Борбор Азияда эң жашыл жана жашоого жайлуу болуп калышы керек»

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы башкалаанын борбордук көчөлөрүндө тыгынды азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында автожолдорду кайра жаңылоо боюнча комплекстүү иштер тууралуу маалыматты укту.

Албек Ибраимов такай иштеген, коопсуз жана тургундар үчүн ыңгайлуу транспорттук системаны камсыз кылуу үчүн башкалаанын коомдук транспортун өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Бишкек мэри шаар ичин жашылдандыруу жана арыктарды тазалоо боюнча чаралар тууралуу да маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев борбордо жүргүзүлүп жаткан курулуш жана ремонт иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын, андан тышкары Бишкек шаарын өнүктүрүү милдеттерин өз убагында чечүү боюнча шаардык кызматтардын ишмердигин жандандыруунун маанисин баса белгиледи.

«Биздин шаар кайрадан Борбор Азияда эң жашыл жана жашоого жайлуу болуп калышы керек», - деген тилегин билдирди Мамлекет башчысы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу