Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/06 15:19
 

Кыргызстандын товарларын Казакстан жана Россиянын аймактарына алып өтүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок

 Кыргызстандын товарларын Казакстан жана Россиянын аймактарына алып өтүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок

Чолпон-Ата, 29- июль /Кабар/. Кыргызстандын товарларын Казакстан жана Россиянын аймактары аркылуу алып өтүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок.

Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдө өткөн КМШ мамлекеттеринин Бажы кызматы жетекчилеринин жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 19-жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амрин билдирди.

“Бажы органдары Кыргызстандын товарларына эч кандай тоскоолдук көрсөтө алышпайт, анткени чек ара жок. Товарларды алып өтүүдө бюрократиялык бут тосуулар болуп жаткандыгы тууралуу сөздөр чындыкка дал келбейт. Көзөмөлдөөнүн жаңы системасына байланыштуу чектөө коюлган Кыргызстандын айрым айыл чарба азык-түлүктөрү гана бар”,-деди Г.Амрин.

Россиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов да бажы органдары Кыргызстандын товарларынын транзитине тоскоол болуп жатканын укпагандыгын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу