Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/06 14:11
 

Сүйүнтбек Мусуралиев: “Мамлекеттик сатып алуу департаменти жарым жылда 2 млрд сом үнөмдөдү”

Сүйүнтбек Мусуралиев: “Мамлекеттик сатып алуу департаменти жарым жылда 2 млрд сом үнөмдөдү”

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. КРнын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуу департаменти жарым жыл ичинде жүргүзүлгөн иштерден 2 млрд 200 млн сом үнөмдөй алган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында департамент директорунун орун басары Сүйүнтбек Мусуралиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жарым жыл ичинде мамлекеттик сатып алуу департаменти 15 миң 400 сынак жүргүзгөн. Алардын жалпы суммасы 18 млрд 360 млн сом болсо, департамент коротулган каражаттын 15%ын үнөмдөп калган.

Департаменттин директорунун орун басарынын маалыматына ылайык, сайтта сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендердин биринчи этабында кеткен каражатты үнөмдөй алышкан.

“Эгер кандайдыр бир уюм миң даана товар сатып алууну пландаса, ал адегенде тендер жарыялайт, эгерде ийгиликтүү сатып алууну жүргүзсө белгилүү бир сумма өзүндө калат. Үнөмдөлгөн каражат менен уюм кайтадан кошумча сатып алуу тендерин жүргүзө алат”,-деп билдирди Сүйүнтбек Мусуралиев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу