Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/06 12:53
 

Кыргызстанда чакан жана орто ишкерликти колдоо иретинде “Кепилдик фонду” түзүлдү

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Кыргызстанда чакан жана орто ишкерликти колдоо иретинде “Кепилдик фонду” ААК түзүлдү. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев ММК менен өткөргөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүдө аны жеткиликтүү деңгээлде каржылоо башкы орунда турат. Бирок, банк системасынын күрөөгө болгон талабы 120% болгондуктан чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө кыйынчылыктар жаралып жатат. Мына ушул себептен өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы ишкерлер насыя алышпайт.

“23-июнда өкмөттүн буйругу менен “Кепилдик фондун” түзүү үчүн бюджеттен 72 млн сом бөлүндү. Көпчүлүк ишкерлер насыяны 40-50% жеңилдетилген күрөө менен алууну каалап жатышат. Мына ушундай ишкерлердин кызыкчылыгы эске алынып, аталган фонд түзүлүп жатат”,-деди экономика министри Арзыбек Кожошев.

Мындан сырткары, Экономика министри Азия банкы тарабынан “Кепилдик фондуна” 3 млн доллар бөлүнүп берилгендигин жана учурда Кыргыз-Орус фонду менен 10 млн доллар бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөнүн 6 аймагында “Ош”, “Джалал-Абад”, “Сарай”, “Кара-Балта”, “Каракол” жана “Кант” кепилдик фонддору иштеп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу