Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/06 11:27
 

КР транспорт министрлиги: “Көк-Талаа-Пульгон” жолунун курулушунда 1,7 млн евро үнөмдөлдү

 КР транспорт министрлиги: “Көк-Талаа-Пульгон” жолунун курулушунда 1,7 млн евро үнөмдөлдү

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы “Көк-Талаа-Пульгон” жолунун курулушунда 1,7 млн евро үнөмдөлдү. Бул тууралуу КРнын транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун курулушуна Европа биримдиги гранттык негизде 8,6 млн евро бөлгөн. Бөлүнгөн акча Ош-Баткен-Исфана жолдорунда оңдоо иштерин жүргүзүү, жергиликтүү тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу, айыл жолдорун калыбына келтирүү, көпүрөлөрдү оңдоо, ичүүчү суу каналдары менен айылдагы медпункттардын абалын жакшыртууга багытталган.

24-июнь күнү Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы “Көк-Талаа-Пульгон” жолунун курулушунун оңдолгондон кийинки расмий ачылышы болуп өттү. Ага КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Европа биримдигинин Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Яап Ора катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу