Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/06 18:23
 

«Жайкы Давос-2016» форумунда Жибек жолу долбоору менен өлкөнүн кызматташтыгы талкууланды

Тяньзинь, 27-июнь /Кабар/. Тяньзинде (Китай) өтүп жаткан Дүйнөлүк «Жайкы Давос-2016» аталыштагы экономикалык форумда Кыргызстан Кытайдын демилгеси менен «Жибек Жолунун экономикалык алкагында» катышуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу журналисттерге экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегация «Жайкы Давос-2016» 10-Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылыш аземине катышты. Делегацияда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бар.

“Мен Кыргызстан 6 млн калктуу кичинекей эмес өлкө экендигин айттым, учурда биздин 180 млн. рыногубуз бар, инфрастуктураны өнүктүрүү үчүн көп иш жасап жатабыз. Жибек жолу долбоорун транзиттик гана багыт катары эмес, комплекстүү долбоор катары кабыл алабыз. Ошондой эле, Бажы биримдиги (ЕАЭБ) менен «Жибек Жолунун экономикалык алкагынын» байланышы жана биримдик үчүн кандай пайдасы бар экендигин айттым”,-деди А.Сазбаков.

Мындан тышкары, экономика министринин орун басары талкуунун жүрүшүндө «Жибек жолунун экономикалык алкагында” иш процесси кандай түзүлүп, кандай инвестиция тартыларын кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу