Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/06 18:20
 

Бишкек – «Манас» аэропорту жолунун сапаты боюнча азырынча жыйынтык чыгаруу эртелик кылат

Бишкек, 27- июнь /Кабар/. Бишкек – «Манас» аэропорту жолунун сапаты боюнча азырынча жыйынтык чыгаруу эртелик кылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРдын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында депутат Азамат Арапбаев
Бишкек – «Манас» аэропорту жолунун оң тарабы сапатсыз салынганын айткан. Анын маалыматына караганда жолго төшөлгөн асфальт тегиз болбогондуктан, жүрүүгө мүмкүн эмес.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетовдун айтымында, аталган жолду кабыл алуу актысына кол коюла элек. Эгерде жол талапка жооп бербесе, подряддык уюмга кемчиликтер көрсөтүлсө, ал жолду бир жылдын аралыгында кайрадан оңдоого милдеттүү.

“Жол толук оңдолуп бүткүндө гана кабыл алуу актысына кол коюлат. Жолдун оңдолуп бүтүшү 2016-жылдын 30-августуна чейин пландалган”,-деп кошумчалады К.Досумбетов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу