Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/06 19:16
 

Ата-мекендик товарларды экспорттоодо маркетинг эң негизги орунда турат

Бишкек, 23-июнь /Кабар/ Ата-мекендик товарларды экспорттоодо маркетинг негизги орунда турат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

“Биз баарыбыз сатып алуучу кардарлар болуп эсептелебиз. Качан биз дүкөнгө кирип калганыбызда биринчи эле товарлардын сырткы оромолун карайбыз. Эгер сырткы оромолу жакшы жасалгаланган болсо, анда ичи дагы ошончо сапаттуу болууга тийиш. Маркетологдордун айтымында элдер товар сатып алышбайт, алар оздук белгисине (бренд) карап алышат. Андыктан бул абдан маанилүү. Россиянын эң чоң базары болгон “Фудситиден” мен санкция кире элек мезгилге чейинки Туркиянын, Азербайжандын товарларын жана биздин коңшу Казактардын товарларын көрдүм. Бардык помидорлор тыкаттык менен кутучаларга салынып, ар биринде оздук белгилери чапталган. Ал эми биздин ата-мекендик жашылчаларыбыз болсо кир болуп, мүшөк каптарга салынып орто кылымдагыдагыларга окшоп калган. Баарынан мени капаландырганы тажиктердин биздин абрикосту сатып жатканы болду. Алар Кыргызстандын түштүгүнөн жер-жемиш сатып алышып аны Москвада өзүлөрүнүн бренди менен сатып жатышат”-дейт Сергей Пономарев.

Ошондой эле экономист Кыргызстандагы кайра иштетүү өнөр жайы абдан жай өнүгүп жаткандыгын дагы баса белгиледи.

“Балким бизде башкача менталитет калыптанып калган. Кечээ эмнеден киреше тушсо, дайыма эле ошондон пайда тапчудай ойлонобуз. Мындай түшүнүк негизинен туура эмес. Жаңы өзгөртүүлөрдүү киргизүү керек. Бизде кайра иштетүү өнөр-жайына өтө чоң конул бурулган эмес. Эгерде бул тармакты жакшыртканыбызда жумушчу орундары көбөйүп, салыктар түшүп турмак”-деди Сергей Пономарев.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу