Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/06 17:26
 

Кыргызстан Европага жыл сайын 55 миллион доллар өлчөмүндө товар экспорттойт

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Кыргызстан жыл сайын Европа биримдигине 55 миллион доллар өлчөмүндө товар экспорттойт. Бул тууралуу “Ата-мекендик товарларды Европага экспорттоонун стандарттык жол жоболору” тууралуу уюштурулган тегерек столдо Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров билдирди.

“Негизги басымдуулук кылган товар кургатылган дан эгиндерин түзүп, ал 40 млн долларды түзсө, тамеки азыктары менен түстүү металл 10 млн долларды түзгөн. 2013-жылдын март айынан 2016-жылдын март айына чейин Европа биримдигине жыл сайын 400 млн долларлык товар импорттоп турганбыз. 2012-жылы 422 млн, 2013-жылы 399 млн болсо 2015-жылы бул көрсөткүч таптакыр түшүп кетип, болгону 270 млн доллар гана товар импорттолгон. Европалык эксперттер эсептеп чыгышкандай, эгерде бизде ВСП+ статусу болгон мезгилде анда 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин биздин экспортчулар бажы алымдарын төлөөгө кеткен 19,3 млн долларды үнөмдөп калышмак”,-деп билдирди Э.Абакиров.

Ал ошондой эле Европалык биримдиктин базарларында ата-мекендик товарларды ар түрдүү тоскоолдуктардан коргоп, ыңгайлуу шарт түзүү керектигин баса белгиледи.

“Биринчи кезекте биз экспортко чыгарып жаткан жарандарга Европалык биримдиктин талаптары тууралуу жеткиликтүү так маалымат менен камсыз кылышыбыз керек. Биздин эксперттер жергиликтүү аймактарга чыгып, товар экспорттоочуларга Европалык биримдиктин талаптары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатышат. Ошону менен катар биз суроо-талапты көбүрөөк жараткан кайсы товарларды жөнөтүү керектигин дагы аныктап койдук. Аларды кийим-кече, дары чөптөр,кургатылган жер-жемиштер, атайын бөтөлкөгө куюлган суу жана спирт ичимдиктери түзөт.Өзгөчө басым жашылча жана жер жемиштерге, зер буюмдарга, эт азыктарына жана тери сырьёлоруна коюлат”,-деп белгиледи министрдин орун басары.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу