Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/06 14:03
 

Улуттук банктын Төрагасы: "2015-жылы жеке жактардын депозиттик эсебине түшкөн каражат агымы эки эсе өстү".

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов: «2015-жылы жеке жактардын депозиттик эсебине түшкөн каражат агымы эки эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеӊеште Улуттук банктын 2015-жылдагы иши жөнүндө отчёту угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, банктардан 40 миӊ долларга чейин насыя алган 2397 жеке жактын 34,8 млн доллар өлчөмүндөгү доллардык насыясы 1 доллар – 62,14 сом курсу менен сомго которулду. Бул ишке 14 коммерциялык банк катышып, жалпы насыя өлчөмү 2,2 млрд сомду түздү. Аларга курстук айырма үчүн бюджеттен 478 млн сом төлөндү.
2015-жылы жеке жактардын депозиттик эсебине түшкөн каражат агымы эки эсе өсүп, 14 млрд 524 млн сомду түздү. Ал эми депозиттик эсепте чогулган жалпы каражат 51 млрд 567 млн сомго жетти.
Ал эми салымдар боюнча пайыздык коюмдардын деӊгээли коммерциялык банктар тарабынан сунуш кылынган мөөнөттөр менен шарттарга жараша болот. Кыргызстанда сомдогу депозиттердин пайыздык коюму чет өлкөлүк валютага караганда эки эсеге жогору: сом – 12,52 пайыз, чет өлкөлүк валюта – 6,53 пайыз.
2015-жылы Кыргызстанда 24 коммерциялык банк иш алпарып, карлардын саны 2 миллиондон ашканы, алардын 92 пайызын жеке жактардын депозиттик эсеби түзө турганы белгилүү болду.
Жогорку Кеӊеште Улуттук банктын 2015-жылдагы иши жөнүндө отчётту талкуулоо жол жоболору улантылууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу