Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
14/06 19:08
 

4 ветеринардык лабораториянын курулушунун 1-этабына 37,3 млн сом бөлүнөт

 4 ветеринардык лабораториянын курулушунун 1-этабына 37,3 млн сом бөлүнөт

Бишкек, 14 -июнь /Кабар/. Кыргызстандын Өкмөтү 4 ветеринардык лабораториянын курулушунун 1-этабына 37,3 млн сом бөлүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

КР Өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусуповдун маалыматына караганда, тамак аш продуктуларынын, күндөлүк керектелүүчү товарлардын, айлана чөйрө жана үй жаныбарларынын эпизоотикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 4 лаборатория куруу зарыл.

Өкмөт башчы курула турган бардык лабораториялар талаптарга жооп бериши жана ЕАЭБнын реестрине киргизилиши керектигин белгиледи..

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу