Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
14/06 12:41
 

Банк төмөнкү пайыз үчүн “шапка” талап кылса, ал кредит берүүдөн четтетилет

Бишкек, 14 -июнь /Кабар/. «Эгерде ишкерлерге кредиттерди берип жаткан банк төмөнкү пайыз үчүн “шапка” талап кылса, ал банк кредит берүүдөн четтетилет”,-деди Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

Анын айтымында, Фонддун структурасында банктардын кредиттерди берүү процесстерин байкоого алган бөлүм түзүлгөн. Ошондой эле Фонд каражатты максаттуу колдонууну байкоого алган бөлүм түзмөкчү.

“Мындан тышкары Фонддо контакт-борбор түзүлүүдө. Ал жерде карыз алуучулар үчүн ишеним телефону иштейт. Бизде ушул фактыларды изилдөөгө алган ички коопсуздук кызматы бар. Учурда МСБ программасы боюнча банктарга 1% менен кредит берүүдөбүз. Ошондуктан бардык банктар долбоорго катышууну каалашууда”-деди К.Кулматов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу