Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
14/06 12:13
 

ОКӨФ 95 млн доллардык долбоорлорду каржылады

 ОКӨФ 95 млн доллардык долбоорлорду каржылады

Бишкек, 14- июнь /Кабар/. Учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) 95 млн доллардык долбоорлорду каржылады. Бул тууралуу бүгүн “”Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

“Учурда бизде 95 млн доллардык долбоорлор жактырылып каржыланды. Бул республика боюнча 270 долбоордон ашык дегенди билдирет. 35 млн доллардык долбоорлор түз каржыланып, калганы банк аркылу берилди.”-деди К. Куклматов

Фонддун башчысынын маалыматына караганда, кайра иштетүү тармагына 17 млн доллар, курулушка 2 млн доллар, транспорт жана сактоого 12 млн доллар, маалымат жана байланыш тармагына 3,2 млн доллор, кен казууга 1,4 млн доллар, чакан жана орто бизнеске 17,4 млн доллар бөлүнгөн. “РСК банкы тарабынан 68 долбоор, KICB банкы тарабынан 30 долбоор, Айыл банк тарабынан 150 долбоор каржыланды”-деди К. Кулматов.
Ошондой эле ОКӨФнын башчысы фонддун негизги максаты – өнүгүүнү колдоо болуп саналарын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу