Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
14/06 10:50
 

Мегакомду сатып алууну каалоочулар учурда катталган жок

 Мегакомду сатып алууну каалоочулар учурда катталган жок

Бишкек, 14- июнь /Кабар/. «Альфа Телеком» (Мегаком) ЖАКты сатып алууну каалоочулар учурда катталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башчысы Алмаз Кадыркулов билдирди.

Эске сала кетсек, “Альфа Телеком» (Мегаком) ЖАКтын акцияларынын 100% мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион 16-июнда 11.00дө өтөт. “Альфа Телеком» (Мегаком) ЖАКтын акцияларынын мамлекеттик пакетинин башталыш баасы 19 млрд 7 млн сомду түзөт.

А. Кадыркуловдун айтымында, Мегакомго кызыккандар көп, бирок азырынча иш жүзүндө сатып алуучулар тууралуу айтуу эртелик кылат. “Аукционго катышуу үчүн компаниянын баасынын 10% күрөөсүн бериши керек. Аукционго 2 күн калганга чейин мындай күрөөнү эч ким төлөй элек. Эгерде абал ушул бойдон кала турган болсо, мыйзамга ылайык аракет кылабыз. Чечимди комиссия кабыл алат”-деди ал.

Белгилей кетсек, мындан мурда да Мегакомду сатуу боюнча аукцион сатып алуучулардын чыкпагандыгына байланыштуу жылдырылган болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу