ЕЭК КМШнын Электр энергетикалык Кеңеши менен кызматташтык боюнча иш чаралар Планына кол койду
Бишкек, 13-июнь /Кабар/. 10-июнда КМШнын Электр энергетикалык Кеңешинин энергетика тармагы боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жыйынында Евразия экономикалык комиссиясы менен КМШнын Электр энергетикалык Кеңешинин ортосунда кызматташтык боюнча иш чаралар Планына кол коюлду. Бул тууралуу ЕЭКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Документке КМШнын Электр энергетикалык Кеңеши жагынан Россиянын Энергетика Министри Кеңешинин президенти Александр Новак, ал эми Евразия экономикалык комиссия тарабынан Энергетика жана инфраструктура Комиссиясынын Коллегия мүчөсү (Министри) Данил Ибраев кол коюшту.
“Планга кол коюу КМШ мамлекеттери менен ЕАЭБ тарабынан коюлган энергетиика жаатында милдеттерди ийгиликтүү чечүүгө , анын ичинде жалпы электр энергетикалык рынокторун түзүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”-деди ЕЭКнын Министри.