Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/06 17:34
 

Челябинск-Бишкек багыты боюнча алгачкы туруктуу авиа каттамы ачылды

Бишкек, 10- июнь /Кабар/. 2016-жылы 8-июнда Челябинск-Бишкек багыты боюнча алгачкы туруктуу авиа каттамы ачылды. Бул тууралуу КРдын Экономика министрлиги билдирди.

Бул Түштүк Урал менен Кыргызстанды жакындатып туруучу бирден бир каттам. Рейсти ачуу аземинде Экономика министринин орун басары А. Сазбаков авиарейстин ачылышы бизнес катнаштын өнүгүшүнө түрткү берерин билдирди. Мындан тышкары, ал Кыргызстан Челябинск облусу менен өнөр жайы, айыл чарба, туризм багытында кызматташууга кызыктар экенин белгиледи.

Эске сала кетсек, Россиянын Челябинск облусунун расмий делегациясы жыл башында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Челябинск-Бишкек багыты боюнча алгачкы туруктуу авиарейсинин ачылышы мына ошол учурдагы макулдашуулардын негизинде ишке ашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу