Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/06 16:59
 

Европалык бренддер кыргызстандык кийим тигүүчүлөр менен кызматташууга кызыктар

 Европалык бренддер кыргызстандык кийим тигүүчүлөр менен кызматташууга кызыктар

Бишкек, 10-июнь /Рахат Саламатова-Кабар/. 9-июнда KiK аттуу Германиянын ири соода компаниясынын өкүлдөрү европалык сатып алуучулар менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн кыргызстандык тигүүчүлөр менен жолугушту.

Уюштуруучулар маалымдагандай, иш-чара ЮСАИДдин бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында инновациялык клубдун демилгеси менен өткөрүлдү. Негизги максаты Кыргызстандын текстиль өнөр жайын өнүктүрүү.

Өзүнүн 3300 дүкөндөрү аркылуу жылына 2,2 млрд евро айландырып иштеген KiKтин камсыздоочулар менен иштөө боюнча директору Штефани Артман компаниянын камсыздоочуларды издөө стратегиясы жана KiKти кийим-кече продукциясы менен камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, кыргызстандык компаниялар KiKтин камсыздоочуларга койгон талаптары менен таанышышты.
Штефани Артманн Кыргызстандын бул жаатта мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин билдирди. Андан тышкары, Европа союзу Кыргызстанга атайын пошлинасыз соода статусун бергени да абдан чоң артыкчылык.

«Силер башкалар менен атаандаштык кыла тургандай болуп калдыңар, бирок Европа рыногуна чыгууну жөн гана кыялдануу жетишсиз. Аны ишке ашырыш керек», - деп, Штефани Артманн кыргызстандык тигүүчүлөрдүн кээ бир өндүрүү кемчиликтерин белгиледи. Ал Европа чекене соода тармагында атаандашуу үчүн керектүү шарттар жөнүндө кеп куруп, кыргыз тигүүчүлөрдү бул рынокко чыгуу үчүн акыркы бир нече кадамдарды жасоого чакырды.

Белгилей кетсек, аталган аракеттердин жыйынтыгында, 2015-жылы кыргызстандык кийим өндүрүүчүлөр 1 млн АКШ доллар суммасына буйрутмаларды алышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу