Экономика

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
10/06 12:31
 

Кыргызстанда 2015-жылы жакырчылыктын деңгээли 1,5%га көбөйгөн

Бишкек, 10- июнь /Кабар/. Кыргызстанда 2015-жылы жакырчылыктын деңгээли 1,5%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин Туруктуу өнүгүү жана айлана чөйрө статистикасы башкармалыгынын Үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы республика боюнча жакырчылыктын деңгээли 32,1%ды түзүп, 2014-жылдын ушул мезгилине саплыштырмалуу 1,5%га көбөйгөн. Мында айыл жерлеринде жакырчылыктын деңгээли 1%га , ал эми шаарларда 2,4%га көбөйгөн.

“2015-жылы жакырчылыктын деңгээлинин өсүшү Ош, Жалал-Абад облустарынан тышкары республиканын бардык аймактарында байкалган. 2015-жылы калктын 32,1%ы же 1 млн 931 миң адам жакырчылыкта жашаган. Ал эми 1,2% калк же 75 миң адам өтө жакырчылыкта жашаган”,-деди Галина Самохлеб.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу