Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/06 12:53
 

Маммүлктү башкаруу фонду “Эйр Кыргызстан” компаниясынын 49 пайыз акциясын инвестициялык сынакка койду

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондду “Эйр Кыргызстан” компаниясынын мамлекетке тиешелүү үлүшүн сатуу боюнча инвестициялык конкурс жарыялады. Топтомдун ичинде 1млн 929 миң 203 акция бар. Баасы — 188 млн 889 миң сом. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Компаниянын уставдык капиталы – 393 млрд 715 млн сом. Ишмердүүлүгү коммерциялык багытта авиа жүргүнчүлөрдү ички жана тышкы каттамдар боюнча ташууга багытталган.

Сатып алган тарапка парктагы авиа учактарынын санын көбөйтүү, 5 жылдын ичинде бештен кем эмес авиа транспортун сатып алуу милдети жүктөлөт. Учактар эл аралык стандартка жараша жана Кыргызстан авиациялык эрежелерине жооп бериши керек. Жарактуу мөөнөтү 20 жылдан ашпашы шарт. Сатып алган тарап 12 айдын ичинде 1 млн доллар киргизип, 165 млн сомдук насыялык карызын төлөшү керек.

Катышуучунун талаптарга жооп бере турган бизнес жана инвестициялык долбоору болушу зарыл. Катышуу талаптары менен www.fgi.kg. сайтынан толук таанышууга болот.
Конкурска документтерди кабыл алуу 7-июнда башталды. Ал эми жыйынтыгы 2016-жылдын 6-сентябрында чыгарылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу