Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/06 15:34
 

Өкмөт: Казакстан 4-июнда Кыргызстандан картөшкөнү импорттоого убактылуу чектөөнү алып салды

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Казакстан 4-июнда Кыргызстандан картөшкөнү импорттоого убактылуу чектөөнү алып салуу тууралуу расмий билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн 6-июнда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Өкмөтүнүн аппаратынын агроөнөр жай комплекси бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев билдирди.

Ал 31-майда Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Астанада Казакстандын Президенти К.Назарбаев менен болгон жолугушууда үч маселени, анын ичинде коңшу өлкөгө картөшкөнү алып кирүүгө убактылуу чектөөнү алып салуу маселесин көтөргөнүн эске салды. “Биздин товарлар чек арадан токтоосуз өтүүдө. Мындан улам ал өлкөдөн товарлардын тиешелүү сертификаттары жок болуп жаткандыгы тууралуу фактылар келүүдө”,-деди ал.

Өкмөттүн маалыматына караганда продукцияда оору бар экендиги тууралуу маалымат айтылаары менен ал оору пайда болгон жерлерди аныктоого чаралар көрүлгөн. “Биз өлкөнүн бардык аймактарын текшерип, карантин зонасын аныктадык. Алар - Чүй облусунда Кемин району жана Көк-Орой айыл аймагы, Ысык-Көл облусунда Григорьевка, Жаргылбаев, Кара-Ой, Кашат айылдары”,-деди Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев.

Эскерте кетсек, картөшкө оорусунан улам 4-майда Казакстан бул продукцияны Кыргызстандан алып келүүгө убактылуу чектөө киргизген болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу