Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/06 16:34
 

Бүгүнкү күндө өлкөдө 79 миң гектар жерге картошка айдалды

 Бүгүнкү күндө өлкөдө 79 миң гектар жерге картошка айдалды

Бишкек, 6-июнь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Азыркы учурда Кыргызстан боюнча 79 миң гектар жерге картошка айдалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы 85 миң гектар жерге айдалган. “Бул жылы ошондой эле – 84,5 миң гектар жерге картошка айдоо пландалган. Бүгүнкү күндө 79 миң гектар жерге картошка эгилди. Негизинен түшүмдүн эсеби менен мамлекеттин ички керектөөсү жабылууда. Калкка 600 миң тонна картошка керектелет. Түшүмдүн жалпы саны болжол менен 1 млн 100 миң тонна. Анын ичинен 500 миңи экспортко чакталган”,-деди ал.

Мындан тышкары, россиялыктар кыргыз картошкаларына кызыкдар экени белгилүү болду.

“Уфа (Башкортостан) Кыргызстандан эрте жыйналган картошка импорттоону каалаганы маалым. Башкача айтканда, апрелдин 20 сынан кийин май айынын башында экспорттоло башталышы керек эле. Азыр аталган маселе иштелип жатат, азырынча ал жакка картошка экспорттойбуз деп айтууга эрте”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу