Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/06 11:44
 

Нарын облусунда IV Эл аралык инвестициялык форум болуп өттү

Нарын облусунда IV Эл аралык инвестициялык форум болуп өттү

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Нарын шаарында «Улуу Жибек жолундагы транс улуттук экономикалык түйүн» аталышында IV Эл аралык инвестициялык форум болуп өттү. Ага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, Ага хан өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы өкүлү Шамш Кассим-Лакха, Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автоном облусунун губернатору Пархат Турду катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү А.Кайыпов: “Бул форумга бизнесмендердин чоң делегациясын баштап келген Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автоном облусунун губернатору Пархат Турдуга ыраазычылык билдирем. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкка бул форум көпүрө болуп, ишкерлер ортосунда кызыктуу, эки тарапка пайдалуу келишимдерге кол коюлат, ишкерлер бир-бири менен тааныш болушуп, байланыш чыңдалат деп ишенемин”,-деп билдирди форумда.



“Анткени бизнес бул адамдардын келечеги, досчулугу. Буга биздин туугандык да, коңшулук да мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө. Кеңири рынок мейкиндиги ачылган. Нарын облусунда логистикалык борборлорду, биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу көп иштерди жасай алабыз”,-деди ал.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автоном облусунун губернатору Пархат Турду: “Биз Кыргызстан-СУАР алтынчы жолку жарманкесин ачууга келгенбиз. Жарманке жемиштүү өттү. Президент А.Атамбаевдин, премьер-министр С.Жээнбековдун кабыл алуусунда болдук. Министрлер менен учураштык. Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында болдук. Мунун баары тууганчылык да”,-деп билдирди.

“Биздин максат бизнесмендерди алып келип тааныштыруу, алардын өз ара алака-катышын арттыруу. Мамлекет болсун, жеке ишкер болсун, жөн эле жай адам болсун соода, ишкерлик менен байыйбыз. Нарын облусу менен коңшубуз. Эки облус ишкерлик байланышты чыңдап, аларга жакшы шарт түзүп берип, экономиканы өнүктүрсөк, элди байытсак деген эле тилек. Эл байыса облус байыйт экен, облус байыса мамлекет байыйт экен, мамлекет байыса сөзү күчтүү чыгат экен, дүйнөдө аброюу артат экен. Биз эң алгач ушул экономика жагын жөнгө салып алсак. Анан маданият, туризм, медицина боюнча келишимдерибиз да бар”,-деди ал.



Белгилүү болгондой, форум Нарын облусун 2013-2017-жылдарда социалдык өнүктүрүү программасынын алкагында өтүп, бул жолу 160тан ашуун ата-мекендик жана кытай ишкерлери катышты. Форумдун жүрүшүндө бир катар сунуш-долбоорлор талкууланып, жеке ишкерлер, бизнес өкүлдөрү өз ара кызматташуу ниеттерин билдиришти. Нарын облусунун ишкерлери менен кытай ишкерлеринин ортосундагы кызматташуу багыты негизинен айыл чарбасы, туризм, өнөр-жайы багытында болуп, 11 долбоордун бет ачары ачыкка коюлду.

Жыйынтыгында Нарын облусу менен Кызыл-Суу автоном облусунун ортосунда соода-экономикалык, маданий жана саякат байланыштарын өнүктүрүү, Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондорунда биргелешкен ишкананаларды, логистикалык борборлорду, туризм жайларын куруу боюнча меморандумдарга кол коюлду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу