Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/06 09:27
 

“Түндүк электр” абоненттердин карызын өндүрүү боюнча сотко 219 доо арыз жөнөттүү

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. 2016-жылдын I кварталында “Түндүк электр” ААК абоненттердин дебитордук карызын өндүрүп алуу боюнча сотко 30,2 млн сомдон ашуун суммага 219 доо арыз жөнөттү. Анын ичинен “Түндүк электр” ААК Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын өндүрүш абоненттеринен дебитордук карызын өндүрүп алуу боюнча сотко 26 млн сомго 55 доо арыз жана турмуш-тиричилик абоненттери боюнча 4,2 млн сомго жакын суммага 164 доо арыз. Соттун чечими менен 698 миң сомго 3 өндүрүш абонент боюнча жана 161 миң сомго 5 турмуш-тиричилик абонент боюнча “Түндүк электр” ААКнын доо арыздары канаттандырылды. Мисалга, “Түндүк электр” ААК кассасына “Элита” ААК 1,2 млн сомду, Новопавловка айыл өкмөтү 750 миңден ашуун сомду төлөп бериши керек. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Өндүрүш абоненттер I кварталдын ичинде “Түндүк электр” ААКнын 4 доо арызы боюнча 1,1 млн сом, ал эми турмуш-тиричилик абоненттери 12 доо арыз боюнча 130 миң сом төлөштү. Калган 28 млн сомго болгон доо арыздар соттук инстанцияларынын кароосунда турат.

Сотторго жазылган доо арыздардан сырткары, “Түндүк электр” ААК төлөбөгөн абоненттердин дарегине дебитордук карызды өндүрүп алуу үчүн 49,7 млн сомго 475 доо каттарын жөнөткөн. Бүгүнкү күндө жазылган 66 доо каттар боюнча 14,6 млн сомго жакын каржы төлөнгөн.

Жалпысынан дебиторлорго болгон доо арыздар жана доо каттар боюнча “Түндүк электрдин” кассасына 15, 9 млн сом түштү.
Эске салсак, 2016-жылдын I-кварталынын ичинде дебитордук карызы үчүн “Түндүк электр” ААКнын 50 миң 176 абоненттери өчүрүүгө дуушар болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу