Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
03/06 16:14
 

Дүйнөлүк Банк менен АРИС Баткенде таза суу маселесин чечүүгө көмөктөшөт

Дүйнөлүк Банк менен АРИС Баткенде таза суу маселесин чечүүгө көмөктөшөт

Бишкек, 3-июнь /Рахат Саламатова-Кабар/. 2016-жылдын 31-майынан 2-июндун аралыгында Дүйнөлүк Банк жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИС) өкүлдөрү өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Раззаков менен жолугуп, айыл жергесиндеги учурдагы болуп жаткан көйгөйлөр жана аткарылган иштер менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарларынын, Лейлек районундагы Лайлы, Тайлан айылдарынын тургундары менен жолугуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жеңиш Раззаков жолугушуу учурунда облустагы негизги маселелерге токтолду.

“Баткен облусунда жалпысынан айтканда таза суу, транспорт, инфраструктура маселелери бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу маселе. Облус боюнча 103 айылда таза суу бар, ал эми калган айылдарда таза суу жок. Тактап айтканда, облустун жарымында таза суу көйгөйү чечиле элек. КРнын Өкмөтүнүн, Дүйнөлүк Банктын, донорлордун жардамы менен четинен көйгөйлөрдү чечип жатабыз. Быйыл Дүйнөлүк Банктан таза суу жана жолдорду оңдоо, куруу боюнча каражат сурадык. Негизги долбоорлор бул тармактарга багытталган”-деди Жеңиш Раззаков.
Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Жан-Мишель Хаппи жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн угуу менен бирге аларга колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

“Дүйнөлүк банк калктын жашоосун жакшыртуу үчүн бир катар долбоорлорго каржылык жактан жардам көрсөтүп келет. Быйыл жалпысынан алганда таза суу маселесин чечүү боюнча акча каражаты жетиштүү каралган эмес. Башка маселелерге көбүрөөк басым жасалган эле. Тилекке каршы, Баткен жергесинде таза суу маселеси бүгүнкү күнгө чейин орчундуу экен. Ошондуктан КРнын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн айрым аймактарга таза суу маселесин чечип берүү үчүн кошумча акча каражатын таптык. Алдыда КРнын Өкмөтү менен 4 жылга стратегия планы бекитилет. Анын ичинде Баткендин аталган көйгөйлөрү киргизилет”, -дейт Дүйнөлүк Банктын өкүлү.

АРИСтин аткаруучу директору Кубанычбек Исмаиловдун айтымында, коомчулуктун көйгөйлөрүн чечүү үчүн АРИС донорлор менен тыгыз кызматташып, бүгүнкү күнгө чейин бир катар айылдарга суу киргизүүгө, мектеп, бала бакча, медициналык имараттарды куруп берүүгө жетишкен.
“Буга чейин аткарылган жана келечекте жасала турган иш-аракеттин бардыгы калктын жакшы турмушуна багытталган. Дүйнөлүк Банк каржылап жаткан аймактардын бардыгы КРнын Өкмөтүнүн чечими менен кабыл алынат. КРнын Өкмөтү, жергиликтүү бийлик бул маселелердин чечилишине кызыкдар. Каржылык жагынан айта кетсем, 20 пайызын Өкмөт өзү каржылайт, ошондой эле калк дагы кошумча акчасын чогултат. Ал эми басымдуу бөлүгүн Дүйнөлүк Банк каржылап, КРнын Өкмөтүнүн стратегиялык пландарынын ишке ашуусуна көмөгүн көрсөтүүдө”, -деп баса белгиледи АРИСтин аткаруучу директору.

Жан-Мишель Хаппи жолугушуу учурунда АРИСтин долбоорлордун ишке ашуусуна чоң таасир бергендигин кошумчалады.
“Биз АРИС менен иштешүүнү улантабыз. Анткени долбоорлорго бөлүнгөн акчалар иреттүү пайдаланылып, көздөгөн максаттар аткарылып жаткандыгы буга чейин курулган имараттардан, иштерден көрүнүүдө. Ошондой эле кошумча каражатты табуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкы менен дагы келишимдер түзүлгөн. Булар биздин негизги өнөктөштөрүбүз”, - деп айтты Жан-Мишель Хаппи.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу