Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
03/06 15:19
 

Депутаттар кагаз акчадан пластик акчага өтүү маселесин көтөрдү

 Депутаттар кагаз акчадан пластик акчага өтүү маселесин көтөрдү

Бишкек, 3-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчёту угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2015-жыл каржы саясатын жүргүзүү үчүн кыйла оор болду. «Дүйнөдө каржы каатчылыгы өкүм сүрүп, улуттук валюталардын куну кескин түшкөндүктөн, көп өлкөлөрдүн экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизди. Ошого карабастан, Улуттук банк каржы саясатын туура жүргүзө алгандыктан, улуттук валютанын кунун кармап кала алды», - дейт ал.

Отчеттон улам маалым болгондой, Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлгөндүктөн, 2015-жылы кошумча 53 штат бирдиги ачылып, жалпы чыгым 100 млн сомго өстү. Муну УБ жетекчиси иштин татаалдашып жатканы менен түшүндүрдү.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар улуттук акчаны жасай турган жайды куруу, кагаз акчадан пластик акчага өтүү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын акча чыгаруу, сомдун кунун бекемдөө маселелерин көтөрдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу