Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/06 11:01
 

Бишкекте “Түндүкэлектр” электр кубатын күчөтүү жумуштарын жүргүзүүдө

Бишкекте  “Түндүкэлектр” электр кубатын күчөтүү жумуштарын  жүргүзүүдө

Бишкек, 3-июнь /Кабар/. Бишкекте 35 кВ «Молодогвардейкая-Центральная-1» кабель чубалгысын тартуу иштерин соңуна чыкты. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы кабель жогорку вольттогу «Молодогвардейская» көмөкчордонунан Молодая Гвардия бульвары менен, андан ары Касымалы Баялинов, Турусбеков, Урицкий, Офицерская, Куренкеев көчөлөрү менен «Центральная-1» көмөкчордонуна чейин тартылган.

Жаңы чубалгынын ишке кириши менен Чүй чоң көчөсү, Молодая Гвардия бульвары, Тоголок Молдо көчөсү жана БЧК менен чектелген чарчыдагы кубаттулуктун жетишсиздиги жана жабдуунун ашыкча жүктөм көйгөйлөрү чечилет.

МААЛЫМКАТ

2012-2016 жылдары “Түндүкэлектр” тарабынан Бишкектеги 150 км кабель чубалгылары реконструкцияланды. 2016-жылы өз каржы эсебинен 30 км 6/10-35 кВ кабель тармактарын реконструкциялоону мерчемдөөдө. Бул максатка 30 млн сомго жакын каржы каралган.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу