Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/06 17:16
 

Премьер-министр ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен таанышты

 Премьер-министр ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен таанышты

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-июнда өлкөнүн ЕАЭБге интеграциясы алкагындагы ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу, ошондой эле мамлекеттик чек аралардагы көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарын модернизациялоо маселеси боюнча иштиктүү кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болушу атамекендик продукцияны тышкы рынокко алып чыгуудагы негизги талаптардан болуп саналат.
Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын 29-апрелиндеги кеңешменин жыйынтыгы боюнча бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган маселелер боюнча тапшырмаларды берген жана алардын ишке ашырылышы тууралуу маалыматты укту.

КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, жакынкы арада Бишкектеги ветеринардык лабораторияны капиталдык реконструкциялоо жана Ошто жаңы лабораторияны куруу боюнча иш башталат.

Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Өкмөт башчыга фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялардын абалы жөнүндө маалымат берди. Биринчи баскычта Талас жана Ысык-Көл облустарында эки жаңы фитосанитардык лабораторияны куруу пландаштырылууда.

Көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарын модернизациялоо алкагында премьер-министрдин тапшырмасы боюнча «Актилек-Автодорожный» өткөрүү пунктундагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кошумча көпүрөнү куруу маселеси иштелүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров аталган маселе боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн маалымдады. Буга байланыштуу кошумча маселелер үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда Бишкекте өтүүчү Кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйынынын алкагында каралмакчы.

Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна дейре бажы органдарынын имараттарын МЧК балансына өткөрүү боюнча процесс жыйынтыкталат. Кыргыз-казак чек арасындагы төрт өткөрүү пунктун модернизациялоону 2016-жылдын август айына чейин жыйынтыктоо милдети коюлду.

Жакынкы арада премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган милдеттердин ишке ашырылышынын жүрүшү менен жеринен таанышмакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу