Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/06 16:24
 

Бишкекте EXPO Made in Kyrgyzstan көргөзмөсү өтөт

 Бишкекте EXPO Made in Kyrgyzstan көргөзмөсү өтөт

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. 3-4-июнда Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында "EXPO Made in Kyrgyzstan" деп аталган биринчи эл аралык көргөзмө болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты ата мекендик ишканалардын өндүрүш мүмкүнчүлүгүн сунуштоо жана жергиликтүү продукцияларды эл аралык деңгээлде таанытуу. Мындан тышкары, жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен кызматташууга шериктерди жана инвесторлорду тартуу сунушталып жатат.
Көргөзмөгө Кыргызстанда өз продукциясын чыгарган жана ар кандай тейлөө көрсөткөн 55ке жакын компания катышат.
Иш-чаранын алкагында кайрымдуулук концерти жана мастер-класстар өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, көргөзмө экономика министрлиги жана Кыргызстандагы Американын соода палатасы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу