Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/06 15:04
 

“Түндүкэлектр” Чүй облусундагы жогорку вольттогу көмөкчордондордун кубаттуулугун көбөйтөт

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. “Түндүкэлектр” ишканасы жогорку вольттогу көмөкчордондордун кубаттуулугун көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Кыш келгенче Токмок, Кант шаарларындагы жана Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорундагы жогорку вольттогу 35/6-10 кВ көмөкчордондордун 13 күч трансформаторлору алмаштырылат.

Бүгүн Кант шаарындагы “МИС” көмөкчордонунда кубаттуулугу 6 300 киловольт-амперди (кВА) түзгөн эки трансформаторду кубаттуурагына (10 000 кВА) алмаштыруу иштери жүрүүдө. Жакынкы арада, Канттагы “Люкс” көмөкчордонунун аз кубаттуулуктагы трансформатору дагы бир, дал ошондой, жаңы күч трансформаторуна алмаштырылмакчы.

Аталган көмөкчордондордун кубаттуулугун 11 100 кВА жогорулатуу менен шаардык бейтапкана, нан чыгаруучу завод, «Водоканал» ишканасы, РИИБ, Канттык жылуулук камсыздоочу ишкана, “МИС” ААК жана бир катар мектептер, бала-бакчалар жайгашкан шаардын борбор бөлүгүнүн электр камсыздоосу жакшырат.
Мындан сырткары, Ысык-Ата районундагы Первомайское, Кировское айылдары ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздалат.

Баасы 29 млн сомду түзгөн күч трансформаторлору Кентау трансформатор заводунан (Казакстан Республикасы, Кентау ш.) алып келинди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу