Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
31/05 17:49
 

Балдардын мектепке барбай жаткандыгына ички миграциянын таасири чоң

 Балдардын мектепке барбай жаткандыгына ички миграциянын таасири чоң

Бишкек, 31-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КРнын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык абалы балдардын мектепке барбай жаткандыгына өз таасирин тийгизбей койбойт. Бул өтө чоң маселелердин бири.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 55 пайыздан ашуун мектеп айылдан алыс жайгашкан. Мындан улам балдар окууга барбай жатышат деп айтып жатышат. Биринчи кезекте биз алыс жайгашкан мектептердин маселесин чечүү үчүн авариялык абалдагы мектептерди кайра оңдоодон өткөрүп, жаңы курулушка киргизип, оңдогонго аракеттерди жасап жатабыз. Акырындык менен курулуш иштери бүтүп, мектептер оңдоодон өткөрүлгөн соң, бул сыяктуу көйгөйлөр чечилет деп ишенем”,-деди Э.Сариева.

“Ал эми Бишкекте жана Ошто ички миграциянын күч алышынан улам мектепке барбай жаткан балдардын саны өсүп жатканы байкалууда. Албетте, миграция учурда көйгөйлүү маселелердин катарында турат.Ошондуктан ага өз кезегинде тиешелүү чараларды колдонуу керек”,-деп кошумчалады ал.

Мындан сырткары, Э.Сариева балдардын мектепке барбай жатышына бир гана Билим министрлиги эмес, ага Социалдык өнүктүрүү жана Миграция кызматы дагы биргеликте иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, маалымат каражаттарында өлкөбүздөгү мектептер алыс жайгашкандыктан улам балдар мектепке барбай жатышкандыгы тууралуу айтылган эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу