Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
31/05 15:33
 

Жалал-Абадда Түрк дүйнөсүнө арналган эл аралык конференция туризм тармагына салым кошту

 Жалал-Абадда Түрк дүйнөсүнө арналган эл аралык конференция туризм тармагына салым кошту

Бишкек, 31-май /Кабар/. Жалал-Абаддагы “Экономика жана ишкердик” университетинде эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты аталган окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков билдирди.

Анын айтымында, аталган конференция биздин окуу жай менен Түркия Республикасынын Кастамону университети тарабынан уюштурулду. Андан сырткары, илимий-практикалык конференцияга кошумча көмөк көрсөткөндөр да болду. Алар: Түркия республикасынын Түрк дүйнөсүн изилдөө фонду, Кыргыз-Түрк Манас университети, Түрк кызматташуу жана өнүктүрүү агенствосу жана башкалар. Аталган конференцияга КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, Туркия республикасынын Бишкектеги толук ыйгарым укуктуу элчиси баштаган делегация, Жогорку окуу жайлардын ректорлору Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келишти.

Андан сырткары, илимий макалалары менен 54 жергиликтүү, 63 чет өлкөдөн илимпоздор, илимий багытта изденген адистер катышты. Жогорку жана орто кесиптик билим берүү жаатында инновациялык технологиялардын автоматташтырылган программаларын колдонулушу жарманкесинин өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 5 уюштуруучу мекеме, жогорку окуу жайлар менен 12 уюм -мекемеден 115 адам катышты.

“Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, айтылган багыттар боюнча көптөгөн илимий ойлор айтылып, сунуштар киргизилди. Бул конференция илимий иш-чаралардан сырткары, Кыргыз Республикасында, анын ичинде Жалал-Абад шаарында туризмди өнүктүрүүгө салым кошту десек туура болот”, -дейт А. Мамасыдыков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу