Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
31/05 12:43
 

Бишкекте кытай товарларынын көргзөмө-жарманкеси өтөт

Бишкек, 31-май Кабар/. 1-3-июнда Бишкекте кытай товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чараны Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономдук облусунун өкмөтү, КЭРдин Кашкар округунун өкмөтү жана КРнын экономика министрлиги биргелешип уюштурууда.

1-июнда Экономика министри Арзыбек Кожошев жана Кызыл-Суу автономдук облусунун губернатору Пархата Турдунун төрагалыгы астында көргөзмө-жарманкенин ачылышы болот.

Аталган көргзөмө-жармакенин максаты–өлкөлөр аралык соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана тараптардын ишкелеринин ортосунда карым-катнашты өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмө-жарманкенин жүрүшүндө бизнес-форум өтөт.
1-июнда форумдун алкагында Экономика министрлигинде КЭРдин ишкерлери үчүн Кытайдын өндүрүш кубаттуулугун Кыргызстандын аймагына көчүрүү тууралуу бет ачар болот.

2-июнда Токмок мэриясында Чүй облусунун жана КЭРден келген ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтөт.
5-июнда Нарын шаарында облустун жана КЭРден келген ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтөт.

Мындан тышкары, 3-4-июнь аралыгында кытай делегациясы Ысык-Көл облусу менен таанышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу