Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
31/05 11:34
 

Кувейт фонду Нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдууга 6 миллион кувейт динарын бөлөт

 Кувейт фонду Нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдууга 6 миллион кувейт динарын бөлөт

Бишкек, 31-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фондусунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда иш алпарган 11 нейрохирургиялык бөлүмдүн бири дагы операциялык, реанимациялык жана операциядан кийинки палаталардын жабдылуусу жагынан замандын талабына жооп бербейт. Нейрохирургиялык кызматтын жабдуулары акыркы 25 жыл аралыгында жаңыланган эмес.

Ошондон улам, Кувейт фонду «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоорун каржылоого жеңилдетилген насыя түрүндө 6 миллион кувейт динарын бөлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу