Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/05 17:48
 

Премьер-министр: “Экспортерлорду колдоо – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири”

 Премьер-министр: “Экспортерлорду колдоо – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири”

Бишкек, 30-май /Кабар/. «Экспортерлорду колдоо – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында «Экспортту өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирген факторлор жана Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүндүгүн алга жылдыруу боюнча Өкмөттүк чаралар» маселесин кароо учурунда.

Кеңештин жыйыны бизнес-ассоциациялар жана донордук уюм өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш бийликтин жана бизнес-коомчулуктун баарлашуусу үчүн натыйжалуу аянтча болуусу керек.

«Өкмөт экономиканын туруктуу өнүгүүсүн жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууну камсыздоо максатында бизнес менен өз-ара аракеттешүүсүн улантат. Учурдагы шартта, 2016-жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү байкалып жаткан кезде мамлекет алдыга коюлган милдеттерди бизнес менен тыгыз аракеттешүү аркылуу чече алат. Аны менен катар бардык ишкерлерди ишендирип кетким келет – сиздердин пикир угулуп, айтылган сунуштарыңыздар эске алынат», – деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, бардык мамлекеттик органдар Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди так аткарууга милдеттүү.

«Бизнести өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди аткарбаган министрлик жана ведомство жетекчилерине карата чаралар көрүлөт. Өзгөчө көңүл продукциясы экспортко багытталган ишканаларды колдоого алууга бурулушу тийиш. Биз экспортерлорго колдон келген колдоо көрсөтүүбүз керек. Муну эске алуу менен экспортер-ишканалар үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредиттерди бөлүү боюнча тажрыйба улантылат. Буга катар лабораторияларды жана чекаралардагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана техникалык жактан жабдуу процессин жыйынтыктоо зарыл», – деп белгиледи С.Жээнбеков.

Сөзүнүн соңунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бизнести ачык баарлашууга чакырып, ишкердик демилгелерге тоскоолдук келтирген көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз негизде жолугушууга даярдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу