Экономика

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
30/05 11:36
 

Жумгал районунда күнөскананын бадыраңдары айылдыктарга арзан баада сатылмакчы (фото)

 Жумгал районунда күнөскананын бадыраңдары айылдыктарга арзан баада сатылмакчы (фото)

Бишкек, 30-май /Минара Ибраева-Кабар/. Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында күнөскана ишке киргизилди.

“Көпчүлүк билгендей эле бизде кышкысын узак жана суук, жайкысы салкыныраак келет эмеспи. Ошондуктан жергиликтүү тургундарды таза, химиялык кошулмалары жок жашылчалар менен камсыз кылуу максатында күнөскана курууну көптөн бери пландап келе жатканбыз. Бирок, каражатка байланыштуу бул иш токтоп турган. 2015-жылы БУУнун өнүктүрүү программасынан долбоорду утуп алып, күнөскана куруп, бадыраң өстүрүп тилегибиз ишке ашты”,-деди Т.Таштанов.

“Былтыр декабрь айында биринчи түшүмдү алдык. Ал азыраак болуп калгандыктан айыл-апага ооз тийгиздик. Азыр экинчи түшүм алганы турабыз. Анын 1 кг 50 сомдун тегерегинде сатылат. Анткени райондо 70-80сом турат. Мындан тышкары аны айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында беребиз”,-деп кошумчалады ал.

Т.Таштановдун айтымында, азырынча бадыраңдын эки түрүн өстүрүп жатышат. Келечекте акырындык менен башка жашылчанын түрлөрүн өстүрүү пландалууда.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу