Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/05 11:00
 

Ак-Талаа районунда балык өстүрүлүүдө (фото)

 Ак-Талаа районунда балык өстүрүлүүдө (фото)

Бишкек, 30-май /Минара Ибраева-Кабар/. Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында балык чарбасы ишке кирди. Ишкана ээлери БУУнун өнүктүрүү программасынын “Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында долбоор жазып утуп алышкан.
Балык чарбачылыгын курууга жалпысынан 458 миң сом сарпталды. Уюм тарабынан 320 миң сом бөлүнүп берилсе, жергиликтүү бийлик жана ишкер 138 миң сом кошкон.
“Бул балыкты биз ноябрь айында алып келгенбиз. Алгач алардын саны 8 миң болчу, анын миңге чукулу жок болуп, азыр болжол менен 7 миңи калды. Булар бир жылда 1 кг болот экен. Азыр 400 гр болуп калды. Күзүндө сатууга чыгарабыз деп турабыз. 1 кг балыктын баасы 250-300 сомдун тегерегинде болот”,-деди долбоордун жетекчиси Жалил Салиев.

“Учурда балыкка берип жаткан жемдерди Норвегия, Даниядан алып келишет. 25 кг жемдин баасы 4 500 сом турат. Балыктарга бир күндө 3 кг жем беребиз. Бул жердин балыктары табыгый таза, анткени алар булактын суусунда багылууда. Чөптөр менен азыктанган сазан балыктарын алып келүүнү пландап жатабыз. Азыркы тапта чарбачылыкта 3 киши иштейт”,-деп кошумчалады Ж.Салиев.

Анын айтымында, Ак-Талаа районунун тургундары балык жешчү эмес. Балык чарбанын ишке кириши жана балык этинин пайдалуулугун билген райондун тургундарын эми сатып алышууда.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу