Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/05 16:15
 

Академик Жамин Акималиев: “Казакстан буудай үрөнүн Кыргызстандан сатып кетет”

 Академик Жамин Акималиев: “Казакстан буудай үрөнүн Кыргызстандан сатып кетет”

КР Экономика министри А.Кожошев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун каражатынын эсебинен өлкөбүздүн кайра иштетүү тармактарын жандантуу керектигин айтып чыкты. Бул туура кадам экени талашсыз. Себеп дегенде, башкасын айтпаганда да Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү тармактары итке минген абалда калганы талашсыз. Анын айынан дыйкан-фермерлерибиз өндүргөн продукцияларынан акыбети кайтпай калууда. КР Дыйканчылык илим-изилдөө институтунун директору, академик Жамин Акималиевдин айтымында бүгүнкү күндө эттин -2, картөшкөнүн -1, сүт азыктарынын 10-пайызы гана кайра иштетилет экен. Бул абдан кейиштүү көрүнүш. Төмөндө ушул теманын тегерегинде академик Ж.Акималиев менен маек курдук.

- Жамин Акималиевич, учурдагы кайра иштетүү тармактары боюнча эмне айта аласыз?

- Кайра иштетүү тармагы аксап турат. Бир гана кант кызылчасы тууралуу айтсам, кезегинде бир гана Чүй өрөөнүндө 40 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалып, бүтүндөй Орто Азиядагы 5 мамлекетти кумшекер менен камсыз кылчубуз. Азыр болгону 6 миң гектар жерге гана кызылча айдайбыз. Бул Кыргызстандын кумшекерге болгон керектөөсүн 10 пайыз гана камсыздай алат. Калган 90 пайызын Беларусиядан ташып келебиз. Кызылчанын аянтын кур дегенде 25 миң гектарга жеткирип алсак Кыргызстан өзүн-өзү кумшекер менен камсыз кылмак. Сары Өзөн Чүйдө азыр да кооперативдер сакталып калды. Ошолордон үмүт бар. Баягы З.Кайназарова, К.Шопоковалардан калган дыйкандардын салты, тажрыйбасы да бар дегендей.

- Эми ал мезгил өттү, тарыхта калды дегендей... Азыркы учурда эмне кылышыбыз керек?

- Бул жерде болгону ошол дыйкандарды кызыктыруу керек. Учурда 1 кг кызылчага 3 сомдон төлөйт. Бир литр минералдык суу 17-20 сом. Сууну болсо булактан ташып келип, газдаштырып коюп уруп атышат. А кызылча азап менен өстүрүлөт да. Мен айтып атам кызылчанын 1килограммын 5 сомдон алгыла деп. Ага болушпайт. Анткени, кайра иштетүүчү ишканалар менчиктештирилип кеткен. Эч кимди укпайт. Бир кант заводу товар менен 30 пайыз гана камсыз болуп, калган учурда бош туруп калат экен. Союз кезинде 7 завод күн-түндөп иштеп жетишчү эмес. Алар ач көздүк кылбай жакшыраак төлөп, дыйкандарды кызыктырса ошончолук өздөрү да жумуш, каражат менен камсыз болмок. Ушуга мээлери жетпей жатат. Бул жерде өкмөт, монополияга каршы агенттик элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аларга өз талаптарын коюшу керек болчу. Мен ишенем ошондо эртең эле эл кызылчаны айдай баштамак. Ушуну мамлекет көз кырынан чыгарып салды.

Ошондой эле пахта. Былтыр 34 сомдон болду. Жок дегенде 50 сом болсо дыйкандар кызыкмак. Бул жерде Айыл чарба министрлиги эң жок дегенде мониторинг жасап, өндүрүлгөн продукциялардын дүйнөлүк баасын коелу коңшулардагы баасына көз салып, дыйкандарга туура багыт берип турса болмок. Мына быйыл картөшкө өтпөй атса, министрлик тескерисинче эки эсе көбөйткүлө деп сунуштап жатат. Быйыл да сата алышпай калса эмне болот? Эгерде картөшкөнү кайра иштетүүчү кубаттуу ишканаларыбыз болгондо кеп башкада эле.

- Картөшкөсүбү, башкасыбы кайра иштетүү жолу менен Кыргызстандын бренди болуп бере турган бир нерсе жасай алабызбы?

- Тилекке каршы андай болбой жатат. Бүгүнкү күндө дыйкан-фермерлер өндүргөн эттин -2, картөшкөнүн -1, сүт азыктарынын -10 гана пайызы кайра иштетилет. Бул чарбасыздыктын жеткен чеги болуп саналат. Ошон үчүн айыл чарба азык түлүктөрүн кайра иштетүү тармагын жандандыруу аба суудай зарыл болуп турат. Негизи Айыл чарба министрлигин, Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана сатуу боюнча мамлекеттик мекеме катары кайра түзүп, белгилүү бир укуктарды берип, ишти түп-тамырынан өзгөртпөсө болбойт дегенди сунуштаар элем. Ошондо иш ордунан жылмак.

Дагы айтаар элем ЕАЭБге кирүү менен капканга түшүп калгандай болдук. Анткени, андагы эреже боюнча өндүргөн продукциябызды башка жакка чыгара албай калбадыкпы. Мындай шарттарда ЕАЭБ менен кызматташтыкты тереңдете берүүдөн башка жол жок болуп атпайбы. Муну мен колдоор элем. Ошол эле учурда башка жолдорду эмне үчүн карап көрбөйбүз? Мына кечээ Кытайдын тышкы иштер министри келип, канча өндүрсөңөр биз алат элек, топтогула, тизмеңерди бергиле дебедиби. Биздин бүгүнкү Казакстан албай жаткан картөшкөлөрдү бир эле Үрүмчү алып койгон жатпайбы. Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын ар кандай бут тосуулар менен ЕАЭБге кирген өлкөлөр албай жатса, биз дагы айтышыбыз керек анда башка рынок издейбиз деп. Шылтоо даяр. Мына Казакстан картөшкөбүздү албай койду. Албай койдуңар дешибиз керек! Ойлонуп көрсөк Казакстан, Россиянын көзүн карап отура бербей, башка жактарды да карап көрсөк болчудай. Кыскасы, Кытай, Түркия, бизден эт алгысы келген Араб өлкөлөрү, ЕАЭБге кирбеген кылым коңшубуз Өзбекстан менен кызматташа берсек, Кыргызстан эле утат.

- Дыйкандарыбыз жыл сайын эле арзан, сапаттуу үрөн болсо деп калышкандарын көп эле угабыз. Сиз жетектеген Дыйканчылык илим-изилдөө институтуту канчалык деңгээлде үрөн менен камсыз кылып жатат?

- Түшүмдүн сапаты сөзсүз үрөнгө байланыштуу. Бекеринен “Эмнени эксең ошону аласың” дебейт да. Кыргызстанда үрөнчүлүк чарбаларынын эң мыкты системасы бар эле. Бүт союзду, атургай чет өлкөлөрдү кызылча, жүгөрү, буудай, беденин уругу менен камсыздаган, казынага валюта түшүрүп турган эң кирешелүү тармак болчу. Менчиктештиребиз деп жерин, техникасын, кампаларын талап кетип, баарын талкалашкан.

Азыр Кыргызстан өзүн 50 пайыз гана үрөн менен камсыздай алат. Азыр биздин институтта чоң теринин бучкагындай болуп 7 үрөн чарбачылыгы сакталып калган. Биз жыл сайын кыйналсак да 2 миң тонна сапаттуу, бирок кымбатыраак, сертификатталган буудайдын, арпанын, кант кызылчасынын, жүгөрүнүн үрөнүн өндүрөбүз. Бирок, дыйкандар кымбатыраак экен деп, базардан арзан алганга аракет кылышат. Натыйжада сапатсыз түшүм алышат. Жарымы чыкпай да калат. Биз министрликке айтып келебиз, дыйкандар мыкты түшүм алышсын үчүн, ортодогу 30-40 пайыз айырмачылыкты бизге төлөп бербейсиңерби да, дыйкандарды сапаттуу, арзан түшүм менен камсыз кылбайсыңарбы деп. Ошону уюштура алышпайт.

Ошол 2 миң тонна биз өндүргөн үрөндөн жыл сайын 600 тоннасы калып калат. Анан калган уруктарды кимдер алат дебейсиңерби? Жанагы бизди нан менен камсыз кылып жатат деген Казакстандын Жамбул облусу сатып алып кетип жатпайбы.Биздин сорттордун артыкчылыгы Кыргызстандын бардык жеринде өстүргөнгө ыңгайлашкан. 5-6 жыл былк этпей мыкты түшүм берип, ар кандай илдетке туруктуу келет. Ал эми “Асыл”, “Кыял”, “Аракет”, “Касиет”, “Жамин” деген күздүк буудайлардын сортторунун клейковинасы 27-32 пайызга чейин жетет. Бул эң жогорку көрсөткүч. Арпанын 10, буудайдын 10го жакын сорттору, жүгөрүнүн 4 гибриди бар бизде. Баары канча жылдык эмгек менен чыгарылган, эл аралык таанууга ээ болгон мыкты сорттор.

Айта кетүүчү нерсе Казакстан, Азербайжан дыйкандарын үрөн чарбаларынан алынган уруктар менен камсыздап келет. Айырмасын үрөн чарбасына мамлекет төлөйт. Ошону менен үрөн арзанга түшүп жатпайбы. Бизде эле ушуга түшүнө албай коюшту.

Маектешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу