Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
26/05 18:26
 

Эксперт Базарбай Мамбетов: "Кыргызстан түндүк аймакка Казакстандан энергия импорттоого мажбур"

 Эксперт Базарбай Мамбетов: "Кыргызстан түндүк аймакка Казакстандан энергия импорттоого мажбур"

Бишкек, 26-май /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Базарбай Мамбетов билдирди.

“Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычына 10 млдр куб метрден ашык суу топтолгондугу айтылып жатат. Мындан улам бул жылы керектей турган суу бизге жетет деген ойлор болууда. Бирок, бүгүнкү күндө Нарын дарыясында суу көп болгону менен Кыргызстандын түндүк аймагына тартып келүүгө электр энергиясы жетишсиз болуп жатат. Себеби, биз чоң чыңалуудагы “Датка-Кемин” 500 квт электр көмөк чордонун куруп, аны былтыр эксплатацияга бердик.

Тилекке каршы, Нарын дарыясындагы 4 ГЭС өндүрүп чыгарган электр энергиянын көлөмү азыраак болууда. Анткени, ГЭСтер көп жылдан бери модернизация жана реконструкция болбогондуктан мурдагыдай электр энергиясын өндүрүп чыгара албай, Кыргызстандын түндүк аймагына Казакстандан электр энергия импорттоого мажбур болуп жатабыз. Ошондуктан бүгүн бизде электр энергия тармагы курч абалда турат”,- дейт Б.Мамбетов.

“Ошондой эле, Токтогул суу сактагычына топтолгон сууну жайында Өзбекстан менен Казакстандын талаа сугаттарына бере бербей, суу сактагычтан агып чыккан суунун агымын азайтып, өзүбүз кышта керектей турган сууну топтоп, өлкөнүн түндүк аймагына “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аркылуу алып келсек, анда бул кышта электр энергиянын тартыштыгы азыраак болмок”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын энергетика тармагы кризиске кептелгендигин жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу