Экономика

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
26/05 16:28
 

Насыя алуучулардын көйгөйлөрүн караштыруу максатында аймактык комиссияларды ачуу сунушталды

 Насыя алуучулардын көйгөйлөрүн караштыруу максатында аймактык комиссияларды ачуу сунушталды

Бишкек, 26-май /Кабар/. Насыя алуучулардын кайрылууларын жер-жерлерде кабыл алууну уюштуруу максатында облус борборлорунда аймактык комиссияларды түзүү сунушталды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Аймактык комиссияны облустук жетекчиликтин өкүлдөрү жетектеп, анын курамына райондук администрациянын, Улуттук банктын аймактык өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жана тартип сакчылары кирет. Аймактык комиссиялардын негизги милдети болуп консультацияларды (кеңеш) берүү, насыя алуучулардан арыздарын жана документтерин кабыл алуу, финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу, ошондой эле кредитор менен насыя алуучулардын ортосундагы байланышты жөнгө салуу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана насыя алуучулардын укуктарын коргоо болуп саналат.

Ошону менен бирге ведомстволор аралык комиссия тарабынан 2016-жылдын апрель айында насыя алуучулардын 2 миңден ашык арыздарын карап чыгып, жыйынтыгы чыгарылды.

Өткөрүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча 604 насыя алуучу (28%) кредитти кайтарууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгы аныкталган. Аларга көмөк көрсөтүү үчүн финансы-кредиттик мекемелери менен кредиттөөнүн шарттарын өзгөртүү, анын ичинде кредитти кайтаруунун мөөнөтүн узартып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

“Аймактык комиссиялар чогулткан насыячылардын кайрылуулары (арыздары) ведомстволор аралык комиссияга жиберилет. Бул Комиссия банк жана башка каржы-кредиттик уюмдардан насыя алуучулардын маселелерин чечүү максатында былтыр жайында түзүлгөн. Бир жүз жетимиш сегиз насыячынын (8%) иши соттук териштирүүдө. Сот иштери аяктаганга чейин аларга кийлигише албайбыз. Насыячылардын он төрт пайызга жакыны (909 жаран) кредиттерин өз убагында төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон жок.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу