Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/05 10:46
 

“Түндүкэлектр” керектөөчүлөргө 54 425 “акылдуу” эсептегич орнотот

 “Түндүкэлектр” керектөөчүлөргө 54 425 “акылдуу” эсептегич орнотот

Бишкек, 26-май /Кабар/. КРдагы электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоордун чегинде “Түндүкэлектр” электр керектөөчүлөрүнө 20 миң “акылдуу” эсептегич (ЭКЭАМЧАС) орнотот. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусуна 18 миң, Талас облусуна 2 миң бирдик орнотулат.
Бул эсеп приборлору биринчи катарда энергияны көп колдонгон ири керектөөчүлөргө орнотулат, иштердин башталышы 2016-жылдын III кварталына мерчемделүүдө. Бул максатка каралган инвестициянын болжолдуу суммасы 1,9 млн АКШ доллардан ашуун каражатты түзөт. Жабдууну тендер жеңүүсү «Hexing Electrical Co. Ltd» кытай заводу жеткирип келет.

Эске салсак, инвестиция эсебинен алынган 20 миң эсептегичтен сырткары, “Түндүкэлектр” Чүй жана Талас облустарына өз эсебинен 34 425 бирдик ЭКЭАМЧАС эсептегичтерин орнотот. Жалпысынан керектөөчүлөргө 2016-жылы 54 425 “акылдуу” приборлор орнотулат.

МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасындагы электр камсыздоонун эсеп берүүсүн жакшыртуу жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Долбоор Дүйнөлүк банк тараптан каржыланат, анын бюджети 25 млн АКШ долларын түзөт. Долбоор 2016-2019- жылдары “Түндүкэлектр” ААК тарабынан ишке ашырылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу