Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/05 09:12
 

Республиканын Индустриализациялоо программасынын долбоору 1-декабрга чейин Өкмөткө киргизилет

Республиканын Индустриализациялоо программасынын долбоору 1-декабрга чейин Өкмөткө киргизилет

Бишкек, 26-май /Кабар/. ЕАЭБге кошулуу шартында келечектүү өнөр жай тармактарын өнүктүрүүнү караган Кыргыз Республикасын Индустриализациялоо программасынын долбоору 2016-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Өкмөтүнө киргизилүүсү тийиш.
Мындай тапшырманы Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 25-майда, Өкмөттүн жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошевге берди.
Тапшырма «2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы жөнүндө» 2013-жылдын 14-мартындагы Өкмөттүн токтомунун аткарылышын талкуулоо учурунда берилди.

«Программа өндүрүштү жогорулатууга жана өнөр жай продукциясын экспорттоого, атамекендик өнөр жай продукциясынын ЕАЭБ рыногундагы аттаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоого жана ИДПга карата өнөр жай продукциясынын салыштырма салмагын жогорулатууга багытталган. Бүгүнкү күндө Программага киргизилген 33 иш-чаранын 22си аткарылган, калганы аткарылган эмес, же жарым-жартылай аткарылган.

Буга катар 2013–2015-жылдар үчүн Программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү жыйынтыктары тастыктагандай, 2013-жылы гана коюлган айрым максаттарга жетишилген. Ал эми 2014 жана 2015-жылы алдыга коюлган максаттарга жетишилген эмес», – деп маалымдады Экономика министри Арзыбек Кожошев.
Маселени талкуулоонун жыйынтыгында Экономика министрлигине 2016-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасын Индустриализациялоо программасынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүсү тапшырылды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу