Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/05 09:05
 

Сооронбай Жээнбеков: «Биздин алдыбызда туризм тармагын өнүктүрүү маселеси курч бойдон турат»

Сооронбай Жээнбеков: «Биздин алдыбызда туризм тармагын өнүктүрүү маселеси курч бойдон турат»

Бишкек, 26-май /Кабар/. 25-майда, Өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, алдыда убакыттын талабына жараша туризм тармагын өнүктүрүү боюнча курч маселе турат.
Жыйында 2016-жылдагы туристтик сезонго карата мамлекеттик органдардын даярдыгы тууралуу талкуу болду.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары Кыргызстан дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында туристтерди өзүнө тартуучу өлкө катары алдыңкы рейтингде келе жатканын белгиледи.

«Мындай ийгиликке өлкөдөгү ажайып жаратылышыбыз аркылуу жеткенибиз талашсыз. Бирок бийлик өкүлдөрү тарабынан туристтик тармакты өнүктүрүүгө жетишээрлик көңүл бурулбай жатат. Индустрия жана тейлөө тармагы аксап жатканы жашыруун эмес. Ал тургай жол боюнда дааратканалар жетишсиз, канча жылдан бери айтылып келатканы менен, абал өзгөргөн жок. Ар бир облуста туристтерди тарта турган мыкты жерлер көп болгондуктан, облус жетекчилери туристтик тармактарды жакшыртуу үчүн системалуу түрдө иш алып барышы керек. Эс алуучу жайлар бардык керектүү шарттар менен камсыз болууга тийиш», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйында «2016-жылдагы туристтик сезонго карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн даярдыктар» тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов маалымат берди. Министрдин билдиришинче быйыл жалпы болуп 23 каттам боюнча автобустар жүрөт. Эл аралык каттамдар катары: Омск – Чолпон-Ата; Чолпон – Ата – Алматы; Каракол – Алматы багыты боюнча иш алып барат. 2016-жылдын 1-июлунан баштап, 28-августка чейин жумасына эки жолу Ош – Ысык-Көл – Ош аба каттамы жүрөт. Мындан сырткары Россия жана Казакстандан «Ысык-Көл» аэропортуна аба каттамдарды ачуу пландалууда.
Быйылкы сезондо Астана – Тамчы – Астана, Чимкент – Тамчы – Чимкент багыты боюнча аба каттамы ишке кирет.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу