Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/05 18:20
 

Премьер-министр: «Өнөр жайды өнүктүрүү – Өкмөт ишиндеги келечектүү багыт»

 Премьер-министр: «Өнөр жайды өнүктүрүү – Өкмөт ишиндеги келечектүү багыт»

Бишкек, 25-май /Кабар/. «Өнөр жайды өнүктүрүү – бул Өкмөт ишиндеги келечектүү багыт»,–деп белгиледи премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Өлкөнүн 2013-2015-жылдарга кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жыйынтыгы маселесин кароо учурунда.

Премьер-министр белгилегендей, көптөгөн өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жаткан өнөр жай аймактары бар.
«Биз өлкөбүздө индустриалдык парктарды түзүү аркылуу дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүүбүз керек. Бирок өнөр жайды өнүктүрүү үчүн, ириде, ички жана тышкы инвесторлор үчүн тийиштүү шарттарды түзүү зарыл. Көптөгөн инвесторлор өндүрүш кубаттуулуктарын куруу үчүн жер алууда бюрократиялык тоскоолуктарга туш болуп, өлкөдөн чыгып кетүүдө», – деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, мындан ары карай өндүрүштү өнүктүрүү үчүн кайсы товарларды экспорттоп, кайсы товарларды импорттоп жатканбыз тууралуу так маалымат болушу тийиш.

«Ошондо гана талдоо жүргүзүү аркылуу кайсы өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасоону аныктай алабыз. Бүгүнкү күндө Өнөр жайды өнүктүрүү – Өкмөт ишиндеги келечектүү багыт. Муну эске алуу менен республиканын индустриалдык мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган тутумдаш кемчиликтерди жое алабыз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары активдүүлүк көрсөтүп, жаңы иш орундарын жана өндүрүштү пайда кылган инвесторлорду өз алдынча тартууга аракеттенүүсү керек», – деди С.Жээнбеков.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өнөр жайды өнүктүрүүгө жана аталган тармакка узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Алсак, 2016-жылдын 1-августуна дейре токтоп турган бардык өнөр жай ишканалары талданып чыгып, андагы өндүрүштү реанимациялоо мүмкүндүгү тууралуу конкреттүү сунуштар киргизилмекчи.

Буга катар «Индустриалдык парктар жөнүндө» Мыйзам долбоорун киргизүүнү жана Кыргыз Республикасын Индустриализациялоо программасын иштеп чыгууну тездетүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу