Экономика

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
25/05 16:15
 

Бишкекте IV Улуттук агрардык-инвестициялык форум болуп өттү

 Бишкекте IV Улуттук агрардык-инвестициялык форум болуп өттү

Бишкек, 25-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 25-майда IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумга катышты. Форум «Айыл-Агро-2016» Эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган.
Форумдун ишине мамлекеттик орган өкүлдөрү жана республиканын аймагынан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда.

Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата Өкмөттүн ишиндеги негизги маселе – фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү жана лизинг алуу үчүн шарттарды түзүү.

Ошондой эле, ал келечектүү багыттардын катарында күнөсканаларды, мал союучу жайларды куруу, логистикалык борборлорду ачуу, тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизүү жана мал-чарба продукциясынын сапатын жогорулатууну атады.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2011-2015-жылдары республика боюнча 50 миңге жакын фермерлер жалпы суммасы 13,5 млрд сомду түзгөн жеңилдетилген кредиттерди алышкан. Мындан тышкары, 1637 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген.

М.Абулгазиев билдиргендей, Өкмөттүн аталган демилгелеринин алкагында айыл чарбанын ИДПга карата үлүшү жогорулап, 197,7 млрд сомду түзгөн. 2014-жылга салыштырмалуу аталган тармактын өсүү темпи 106,2%ды түзгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу