Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/05 15:44
 

Өкмөт өлкөнүн мамлекеттик карыздардын жогорку чегин белгилөө шарттарын өзгөртүү демилгесин сунуштады

 Өкмөт өлкөнүн мамлекеттик карыздардын жогорку чегин белгилөө шарттарын өзгөртүү демилгесин сунуштады

Бишкек, 25-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын жогорку чегин кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

КР Өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, иштеп жаткан мыйзам талабына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын жогорку чеги өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Ушу тапта мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 млрд 805 млн долларды (288 млрд 803 млн сом) түздү же ички дүӊ өнүмгө карата - 68,2 пайыз. Мындайча айтканда, мыйзам көрсөтүлгөн чектен ашып кеткен. Ошондон улам, Өкмөт кирешенин төмөнкү деңгээлиндеги өлкөлөр үчүн карыздын туруктуулук деңгээлин баалоонун эл аралык көрсөткүчүн колдонууну сунуштоодо. Ал мурдагы усулга караганда кыйла ийкемдүүлүк кылат.

Өткөн мезгил аралыгында, 60 пайыздык чек киргизилгенге чейин, мамлекеттик карыздардын деӊгээли кыйла жогору болгон учурлар көп эле байкалган. Алтургай, 2000-жылы анын чеги ички дүӊ өнүмгө карата 130 пайызды түзгөн. Азыр мамлекеттик тышкы карызды тейлөө өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн республикалык бюджеттин кирешесинин 10 пайызы жумшалат. Демек, ал азырынча Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду тарабынан аныкталаган көрсөткүчтүн 20 пайызына жетпейт. Ошондон улам, эл аралык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, мамлекеттик карыздардын чегин Өкмөт өзүн аныктай турган өзгөртүү сунушталууда.

Андан тышкары, мамлекеттик карыздардын жогорку чегин Бюджет кодексинен алып салып, аны ар жылдык бюджет жөнүндө мыйзамга киргизүү сунушу киргизилип жатканы белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, ушу тапта Кыргызстандын карызы ички дүӊ өнүмгө карата 64 пайызга жеткенин, мыйзамдын бузулушуна жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу талабын койду. Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева жаӊы Бюджет кодексинин долбоору даярдалып жатканда Өкмөт тарабынан мындай сунуш киргизилбегенин, дегеле, мамлекеттик карыздарды алуу жана тейлөө шарттарын жыл сайын өзгөртө берүү туура эмес экенин билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу